Сендей мага кымбатым жок дүйнөдө

258

Сендей мага кымбатым жок дүйнөдө,
Аткан таңды бирге тосчу күнүгө.
Сендей мага жакын эч бир адам жок,
Өмүрүн арнап берген сүйүүгө.

Сүйүктүүм, сендей аруу адам жок,
Сенсиз дүйнө, болоор мага чоң тозок.
Сен деп күндө, сел болуп мен агамын,
Сага деп, туу бакытты ыроолоп.

Жүзүмдү жылуу желдей аймалап,
Махабатың, тоң жүрөктү жылытат.
Арнаган мага жаштык, сезимиң,
Күч берип, жан дүйнөмдү кубантат.

Оставьте ответ