Бетеге кетип бел калат, Бектер кетип эл калат.

1 510

Адамзат тээ илгертен бери пайлалуу кен-азыктарын издеп таап, аны иштетип жашоосун жакшыртып келгенге аракет кылган. Кыргызстан кен-байлыктарга бай экенин баарыбызга белгилүү болсо керек. Биздин мекенибиздин кучагында алтын, күмүш, көмүр, сурьма жана башка көптөгөн кен байлыктар казылып иштетилээрин баарыбыз билебиз. Ошонун менен бирге уран кендер топтору да аз эмес. Алардын бири “Юразия в Кыргызстане” компаниясы иштетебиз деп аракет көрүп жаткан Кубакы ашуусунун аймагында жайгашкан Таш-Булак уран кендер тобу.

Өткөн аптада Көк-Мойнок 2 айылында ушул компаниянын башчылары жергиликтүү калк менен коомдук угуу өткөрүп, алардын көз-карашын угуп жана өздөрүнүн пландары менен бөлүшүп кетишти. Бул угууда компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн уранды казып чыгаруу технологиялары эч кандай жергиликтүү калкка жана экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбөөсүн ишендире кетишти. Бирок ага карабай жергиликтүү калктын кээ бир өкүлдөрү уранды казып чыгаруу иштерине каршы экенин билдиришип, бул иштер жайыттарга залакасын тийгизээрин эскертишкен.

Бул коомдук угуудан кийин “Юразия в Кыргызстане” компаниясынын өкүлдөрү борбор калаабыз Бишкекте 27 ноябрда өткөн “Кыргыз Республикасынын жер байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруунун негизги маселелери” аттуу тегерек столунда Көк-Мойнок айылында жергиликтүү актив Таш-Булак аймагында уран чыгаруу иштерине каршы эмес деп ишендиргендери маалым болду.

Албетте, кен-байлыктарынын казылып иштетилиши бул жалгыз гана жергиликтүү калк үчүн эмес, бүткүл Кыргызстандын экономикасына пайдалуу иш-чара. Ооба, “Юразия в Кыргызстане” компаниясы жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылып жана жашоо шарттарын жакшыртууга жардам берүүнү убада кылып келатышат. Бирок, бул жерде ата-бабаларыбыз айтып келаткандай “жети өлчөп бир кесүү” зарыл.

Уран бул өзү эле абдан уулуу зат. Албетте, аны казып чыгаруу иштери, “Юразия в Кыргызстане” компаниясынын өкүлдөрү убада кылгандай химиялык заттарды колдонбогон күндө да жергиликтүү жаратылыш чөйрөсүнө эч кандай пайдалуу нерсе алып келбейт.

Жогоруда аталган компаниянын изилдөөлөрүнүн ишенсек Таш-булак аймагында 100 жылга жетээрлик уран бар экенин баарыбызга маалым болсо керек, ошол себептен бул компания 70-80 жыл бул аймакты иштетүүнү пландап жатат. Бул учурда эч ким жайыт маселесин ойлоп да койгон жок. Ушул иш-чаралардын айынан жалгыз эле ушул 4 гектар жер эле эмес миңдеген гектар жайыт көптөгөн жылдар бою жараксыз болуп калуусу мүмкүн. Бул жөнүндө кен казуучу компаниянын жетекчиси уран казылып бүткөн соң, ал жер рекультивация кылынып кайрадан мөмө-жемиш айдоого жарактуу болот деп баарын ишендирүүгө аракет жасап келатат, бирок эч кандай кепилдик жөнүндө сөз жок. Эч ким, эч кандай кепилдик бере албайт, анткени ар бир иш-чарада “форс-мажордук кырдаал” деген нерсе бар. Бул кырдаалда компания эч кандай юридикалык жактан жооопкерчиликке тартылбайт.

Дагы бир айтылып кетүүчү нерсе Кубакы ашуусуну аймагында көптөгөн булактар чогулуп, ошол эле Таш-Булактын суусу менен чоогу агып түшүп жергиликтүү калктын арасында Эшек-Саз деген ат менен белгилүү болгон сай менен, жолдун жээги бойлоп агып барып Чүй (Чу) суусуна кошулат. Бирок ал нерсени эстеген адам да жок. Ушул нерсе жалгыз гана ошол аймакка эмес, кийин бүткүл Чүй өрөөнүнө чоң көйгөй жаратуусу мүмкүн.

Ооба, биз бардыгыбыз бул нерсеге көзүбүздү жумуп, бардыгыбыз чөнтөгүбүздү ойлоп, эч кимибиз каршы позициябызды айтпай, көз-карашыбызды терең катып, тобокелге салып отурсак болот. Ооба жумуш жетишсиз, айыл жергесинде көйгөйлөр аз эмес. Албетте, кен казуу иштери башталса айыл тургундары үчүн жумуш орундары да пайда болот, алардын жардамы менен жергиликтүү бюджетке каражаттар да пайда болот. Бирок, илгертен ата-бабаларыбыз айтып келгендей «Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет», кен казуунун биз чоңойуп өскөн, жашаган жерге залакасы тийсе, эртең биз балдарыбыздын, неберелерибиздин көзүн кантип карайбыз? Биз бардыгыбыз балдарыбызга, неберелерибизге эң эле негизгиси ден-соолук тилейбиз. Ошол эле учурда тобокелге салып унчукпай отурсак тилегенибизден эмне пайда?

Бетеге кетип бел калат, Бектер кетип эл калат.

Кен казуучулар келет, кетет. Эл калат.

Фото иллюстративное.

Оставьте ответ