Бир тууганым

1 685

Күттүрбөй капыс бир дарт басса да,
Бир тууганым таянаарым, кадамым.
Чалынып, узак жолдо адашсам,
Бир тууганым караңгыда чырагым.

Нечен адам ортобузга от салса,
Бир тууганым кыйбай турган адамым.
Нечен күндөр, нечен жылдар өтсө да,
Колдоп жүргөн бир тууганым жакыным.

Боло берет бул турмушта суук күндөр,
Бир туугандар бир атанын балдары.
Мейли турсун жашоо – турмуш кыйынга,
Бирге болуп аттан баарын жыгалы.

Мейли чыксын бизге каршы бүт дүйнө,
Биргелешип биз жеңебиз бардыгын.
Мейли келсин кыйын күндөр үйүмө,
Бөлүшөөр бир тууганым жакыным.

7.11.18

Оставьте ответ