Күтүү…

607

Күүгүм түшүп, муздак шамал аралап,
Күздүн кечи, эмне мынча санаркайт?
Куураган жалбырактай айланып,
Турам жалгыз, караан издеп, жол карап.

Күткөнсүп кадамыңды алыстан,
Тыңшап калам, дем токтотуп, капыстан.
Өзүмдү алдап келип күн алыс,
Жүрөгүм, кур күтүүгө чалдыккан…

21.10.15

Оставьте ответ