Медиасабаттуулук деген эмне? Эмне үчүн аны өрчүтүп, өнүктүрүү керек? Ал биздин коомдо кандай ролду ойнойт?
2020 жыл. Кыргызстан. Өлкө ичине COVID-19 илдети кирип өзгөчө кырдаал жарыяланып көпчүлүк ишмердүлүк, аны менен бирге билим берүү системасы “онлайнга” кеткен убак. Локдаун күтүүсүздүктөн жарыяланып, көпчүлүк “онлайн” режимине кетип, трафик абдан көбөйгөнүнө байланыйштуу, дээрлик бардык провайдерлер өздөрүнүн техникалык каражаттарын күчтөндүрүп, модернизация кылууга аргасыз болушкан. Көп ойлонбой биздин провайдерлер, уюлдук операторлор модернизацияны ишке ашыруу жумуштарын баштап, эски техника каражаттарын жаңыларга алмаштырып башташат. Ошол эле убакта, WhatsApp мессенджеринде жана соцтармактарда “Уюлдук операторлор жана интернет-провайдерлер өлкө башчыларынан элди кыруу жөнүндө буйрук алышып, коронавирус таратчу, ошондой эле адамдардын мээсин күйгүзүп өлтүрчү 5G антенналарын орнотуп жатышыптыр” – деген маалымат тараган. Аны менен бирге жер-жерлерде кээ бир жаңыларга алмашкан техника каражаттары талкаланып жараксыз абалда калышкан. Айта кетчү нерсе, бул жөн гана диванда жатып алып, жалган маалыматты чын маалыматтан айырмалай албаган караңгы жана сабатсыз бир инсандын бекерчиликтен ойлоп таап тараткан фейк маалыматы эле. Натыйжада, ата мекендик провайдерлер миллиондогон сом чыгаша тартышкан.
Бул окуя, фейк маалыматтар инсандардын аң-сезимине кандай таасир этээри жана кандай коомдук пикир жаратаары көрүнүп турат.
Азыркы заманда, маалыматтык каражаттар өнүгүп, коомдо маалыматтык “бум” жаралып жаткан убагы. Анткени, коомго абдан чоң көлөмдүү маалымат жаап, аны иштеп чыгууга коомдун алы келбей турганы анык. Ошону менен бирге, интернет булактарынан каалагандай маалымат таап таанышканга болот. Ал маалымат кандай сапатта чындыкпы, же жалганбы аны менен таанышкан көпчүлүк адамдарды кызыктырбайт. Ошондуктан, көпчүлүктүү ушундай маалыматтын жардамы менен манипуляциялоо кызыктар адамдарга кыйынчылык туудурбайт.
Баардыгыбыз байкагандай, мындай манипуляциялоо көбүнесе ар-кандай саясий кубулуштар болоор алдында байкалат. Мындай амал ошондой эле бир кубулуштан башка кубулушка коомду алаксытууга да жардам берет десек жаңылышпайбыз. Мындай нерсе ачык-айкын жазалып жатканы менен коомчулуктун көпчүлүгүбайкабай да калат.
Фейк маалыматтын өзүн эле биз коомчулукка, тынчтыкка каршы курал катары да карасак болот. Анткени аны жардамы менен чалгындоо уюштуруп, дин, улут жана регионалдык кастыкка жана башка терс көрүнүштөргө алып келген учурлар көп кездешет. Ошону менен бирге, калкыбыздын арасында ар-кандай махинациялар жана финансылык пирамидалар өнүгүп келе жатканы анык. Алардын себепкери же курмандыгы болуп калбоо үчүн сөзсүз түрдө медиасабаттуу жана медиабилимдүү болуу керек.
А “медиа” деген эмне?
Медиа -бул жалпы маалымат алуу каражаттары. Маалымат технологиялары өнүгө элек доордо, медиага гезит, журнал, китеп жана радио-теле сыяктуу маалымат каражаттары кирип келген. Азыркы учурда алар менен бирге ар кандай электрондук каражаттар жана компьютердик каражаттар кирип келет.
Медиасабаттуулук – бул ошол каражаттардан алынган маалыматтарды анализдеп, аларга сын көз караш менен баа берүү жөндөмдүүлүгү.
Ал эми калкыбыздын медиасабаттуулугу коомчулуктун тынчтыгынын, ийгиликтүүлүгүнүн кепилдиктеринин бири катары карасак болот.
А калкыбыз медиасабаттуу болуш үчүн эмне кылыш керек?
Эң эле биринчи медиабилим жана медиа билим берүү деген түшүнүктөрдү колдонуу.
Медиабилим – жалпы маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу адамдын коомчулуктагы көз карашын туура багытта өнүктүрүү жана инсан катары өнүгүү процесси. Башкача айтканда, окуучунун маалымат каражаттарын колдонууда оң кубулуштарды терс кубулуштардан, жалган маалымат менен чындык маалыматты айырмалоону үйрөнүү, ошону менен бирге чыгармачылык жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, маалыматты талдоонуу жана баалоону үйрөнүү.
Медиабилим берүү – массалык коммуникацияны изилдөөгө үгүттөгөн педагогиканын багыты. Анын негизги маселелери: окуучуларды заманбап маалыматтык шарттарда жашоого даярдоо, ар кандай маалыматтарды кабыл алуу жана аны түшүнүүгө үйрөтүү, анын психикага тийгизген таасиринин натыйжаларын түшүнүү, техникалык каражаттардын жардамы менен коммуникациянын оозеки эмес байланыш методдорун өздөштүрүү.
Тилекке каршы медиасабаттуулукка биздин мамлекетибизде жетишээрлик көңүл бурулбайт, болгону гана бир нече мамлекеттик эмес уюмдар гана ушул тармакта ар-кандай иш-чараларды өткөрүп келишет.
Медиа билим берүүнү биз толук кандуу педагогикалык кубулуш катары талдап, өнүккөн мамлекеттерден мисал алып, үйрөнүп медиасабаттуулукту жарандарыбызга мектеп тактасынан баштап үйрөтсөк коомубузга оң таасири тиер эле. Ал эми мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп коомубуздун негизги бөлүгүнө ар-кандай тренингттер өткөрүлүп турса бул тармакта жылыш болуусу анык.
Негизги маалымат https://ideaca.today/en/threedot/media-sabattuuluk-bilim-mediamadaniyat сайтынан.