Каректен чыккан көз жашы…
Кыйналып бакка жөлөнө,
Ишене ар ким сөзүнө,
Отурат эне көчөдө,
Баралбай уулун төрунө.
Ыргытса тыйын чогултуп,
Алдана көбүн жоготуп,
Отурат эне көчөдө,
Ыйласа өзүн сооротуп.
“Балам деп, сени бакты элем,
Сурасаң жоктон тапчы элем.
Эмнеден сага күнөөм бар?
Ушунча боорун таш белем…
Жаш элем мурун,кайгысыз,
Жаш кетти эми кайтаргыс.
Көз кетти кошо жаш менен,
Сыздатып мени кайрылгыс.
Жарык дүйнө көрүнбөй,
Кыйналдым, балам, түшүнбөй.
Адаша таппай,ордумду,
Кор болдум балам, үзүлбөй.
Кудайдан сурайм ажалды,
Кордукка таштап албады.
Узарта күнүм, шылдыңдай
Көбөйтө менин санаамды.
Уландысы бар.