Стихи / Ырлар

Сен деп соккон жүрөгүм.

Сен деп жүргөн жүрөгүм, Сенсиз абдан жүдөдү. Келсең жакын, алтыным, Жарык болоор күндөрүм. Сагындым, мөлтүр көзүңдү, Балдай таттуу сөзүңдү. Кыялым жетпес асманга, Көрбөй калсам өзүңдү… Сүйөм сенин мүнөзүң, Баладай таттуу күлөсүң. Жаным деп жылуу карасаң, Жалындай ойнойт жүрөгүм. Кудайдын өзүң белеги, Бактымдын менин себеби. Бала кыял мүнөзүң, Мас кылып мени келеби… Январь, 2016

Стихи / Ырлар

Апама

Жылдар өтүп, күндөр санаа жаратып, Бой жетип, айлар учуп санатып. Апамдын жылуу колун сагынып, Жете албадык, түйшүк-тоскоол жаралып. Айылдан ысык жапкан нандарын, Сагынып, эч бир жете албадым. Түбөлүк жашасам да дүйнөдө, Актаар бекем, аппак сүтүн апамдын. Бой жетип, колдон чыгып, торолуп, Жүрүп калдык кызмат-иш деп, созулуп. Апам жүрөт күнү-түнү жол карап, Сагынычын жүрөгүнө чогултуп. Барганда, […]